АРСЛАН САДЫБАКАСОВ — ОХ ЖАНЫМ КЕЛЧИ — текст песни
Сейилдеп сен келесиң, мен да келем,
Негедир уяң тартат менин денем.
Жайнаган топ кыздардын арасынан,
Жалдырап жалгыз сени карай берем.
Кайырма:
Оо, жаным, келчи, келчи,
Мен жетейин кадырыңа.
Оо, жаным, келчи эми,
Махабаттын айылына.
Тереземе жарык түшпөй ойгоном,
Жарадармын, сага жетпей ойлоном.
Кара булут каптаса да, асылым,
Баратамын, тосуп алчы мени жолдон.
Сейилдеп сен келесиң, мен да келем,
Негедир уяң тартат менин денем.
Жайнаган топ кыздардын арасынан,
Жалдырап жалгыз сени карай берем.