Асель Кадырбекова - Кыргыз кыздары

Асель Кадырбекова — Кыргыз кыздары



Скачать
Слушать


Автор
  • Асель Кадырбекова
  • Жанр
    Битрейт 128 кбит/с
    Размер 3,388 МБ
    Кол-во скачиваний 218


     

    Асель Кадырбекова — Кыргыз кыздары

    Кайырма:
    Жүзү сулуу айдай,
    Көз уялтат көркөмү, ай.
    Кымча белдүү кыргыз кыздары,
    Суйкаят маралдай,
    Таңда жааган чолпон жылдыздай.
    Кымча белдүү кыргыз кыздары.

    Алар бул – назик жандар,
    Асылзаада, аруу, ак ниеттүү.
    Тагдыр белек, тагдыр белек,
    Алар болот асыл жандар.
    Көп кечикпей арасынан,
    Сен да сүйгөнүңдү тандап ал.

    Кайырма:

    Сүйүп калса гана самап,
    Сездире албай,
    Жүрөк сыздап,
    Кайгыны жейт.
    Намысы бек, намысы бек,
    Кара көзүңдү эңсеп, самап.
    Көп кечикпей арасынан,
    Сен да түгөйүңдү тандап ал.

    Кайырма:

    Суупериси өңдөнөт,
    Сулуу жүзүм албырган.
    Мен кыргыздын кызымын,
    Чырайлуумун ушундай,
    Акыл-эстен тандырган,
    Жигиттерди тамшандырган.
    Келбетимди көргөнү,
    Таанышканы шашасың,
    Сүйлөй албай сүрдөнүп,
    Кайра неге качасың?
    Кел, кыргыздын жигити,
    Кол кармашып басалы,
    Жүрөктөрдөн жүрөккө,
    Сүйүү отун чачалы.

    Кайырма:

    Поделиться в соц. сетях




    Другие песни этого автора:




    Похожие песни:


    Добавить комментарий

    Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *