Азат Жаанбаев & Эмирлан уулу Жакшылык — Сахна



Скачать
Слушать


Автор
  • Азат Жаанбаев
  • Эмирлан уулу Жакшылык
  • Жанр
    Битрейт 128 кбит/с
    Размер 4,210 МБ
    Кол-во скачиваний 119


     

     

    Азат Жаанбаев & Эмирлан уулу Жакшылык — Сахна — текст песни

     

     

     

     

    Кызына калып ападан,
    Иниге калып агадан.
    Ыр деген ыйык бул өнөр,
    Калыптыр ата-бабадан.

     

    Ырлардын учу сахнада,
    Ырлардын күчү сахнада.
    Ыроолойт аруу жакшылык,
    Ырыскы түбү сахнада.

     

    Жүргөнсүйт ырлар кемеси,
    Ырысбай, Чубак элеси.
    Жаңырып төрдө тургансыйт,
    Токтогулдун кербези,
    Токтогулдун кербези.

     

    Кайырма:
    Жан дүйнөбүз сахна,
    Сүйүүбүз да сахна.
    Бешенеге бүткөн,
    Үйүбүз да сахна.
    Арзуубуз да сахна,
    Ардагыбыз сахна.
    Ыйык биздин,
    Ыр сахна.

     

    Курбу, дос, тыңшап көңүл бур,
    Сахнанын сыйкыр күчү ушул.
    Ырларын окуп тургансыйт,
    Акындар Аалы, Алыкул.

     

    Билишип эгиз эки ак куу,
    Чолпонбек менен Айсулуу.
    Айтышып төрдө жаткансыйт,
    Жеңижок, Барпы айтылуу.

     

    Серпишип Мыскал үкүсүн,
    Созгонсуйт ырдын бүтүшүн.
    Сооротуп кейип тургансыйт,
    Сүймөнкул Таттыбүбүсүн.

     

     

     

     

    Поделиться в соц. сетях




    Другие песни этого автора:




    Похожие песни:


    Добавить комментарий

    Ваш адрес email не будет опубликован.