Бүгүн ишкердиктин бир катар түрлөрү өз ишин жандантты.

 

Бүгүн ишкердиктин бир катар түрлөрү өз ишин жандантты.

 

Бүгүн, 1-майдан тарта ишкердиктин бир катар түрлөрү өз ишин жандантты. Анын ичинде өнөр жай өндүрүшү, тоо-кен, энергетикалык тармак, текстиль, эмерек чыгаруу ишканалары бар. Курулуш объектилери, сугат, жол куруу иштери уланат.

 

Дөңгөлөктөрдү желимдөө станциялары, интернет дүкөндөр, курулуш материалдарын саткан жайлар, жашылча базарлар, чач тарачтар жана такси кызматы иштей баштайт.

 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин 30-апрелде Жогорку Кеңеште берген маалыматына караганда, баш-аягы 130 миңге жакын адам жумушка чыгат деп болжолдонууда. «Биринчи этапта 20 миңге жакын ишкердик субъекттин иши жанданат. Аларда 130 миңге чукул адам иштейт. Алар дарыгерлер берген санитардык эпидемиологиялык талаптарды так аткарыш керек. Биз алар кандай шартта иштеп жатканын текшерип турабыз», — деди Абылгазиев.

 

 

Поделиться в соц. сетях

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *