Бактыгүл Бадыева - Келчи эми

Бактыгүл Бадыева — Келчи эми



Скачать
Слушать


Автор
  • Бактыгуль Бадыева
  • Жанр
    Битрейт 128 кбит/с
    Размер 3,184 МБ
    Кол-во скачиваний 105


     

     Бактыгүл Бадыева — Келчи эми

    Коштошуп кетип барат,
    Кайрылбай артта калат.
    Жаштыгың кырчын курак,
    Жалындаган мезгил.

    Билинбей өтө берет,
    Байкалбай кете берет.
    Убакыт учкан куштай безип,

    Кош дебе, кош бол дебе.
    Махабат от бол дебе,
    Жалындап алоолонот.
    Күйүп турган сезим,
    Келет деп күтө берем.
    Чыдаймын түтөй берет,
    Тартырган азабыңа сенин.

    Кайырма:
    Ай нурланыр төккөндө келчи,
    Күн жербетин өпкөндө келчи.
    Мен күтөмүн кучагым жайып,
    Жай саратан көктөмдө келчи.
    Кел, келе берчи, күтөм сенин.

    Күндөрдү токто албай,
    Мезгилди токтото албай.
    Кайылмын убакытка,
    Канат кагып учкан.
    А бирок шашкан мезгил,
    Алыска алып кетти.
    Сезимимди мен ыйык туткам.
    Келчи эми келсең боло,
    Арзуумду берсең боло.
    Издетпей коюу түндүн,
    Кучагынан сени.
    Калбачы назарыма,
    Салбачы азабыңа.
    Карап көр ажарыма менин.

    Кайырма:
    Күтөм сени, келсең боло,
    Ак дилиңден.
    Ак сүйүүңдү арнап берсең боло,
    Үмүт менен, күйүт менен.
    Күтө берем, күтүп келем сени,
    Сүйөм сени.

    Поделиться в соц. сетях




    Другие песни этого автора:




    Похожие песни:


    Комментарии 1

    Добавить комментарий

    Ваш адрес email не будет опубликован.