Бүгүн, 18-апрелге карата Кыргызстанда дагы 17 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Муну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 506 адамга жетти.
Жаңы катталган бейтаптар:
- Ош шаарында 1;
- Нарын облусунда 11;
- Ош облусунда 5.