Данияр Эрматов — Махабатым — текст песни
Жамалыңдан жанып турган элесиң,
Көз алдымдан кетпей тартылат.
Гүл болуп жазда ачылгандай,
Чырайыңдан нуруң чачылат.
Кайырма:
Сезимде, ал сезимде
Махабатым сен, сен ак сезимде.
Сезимде, ал сезимде
Махабатым сен, сен ак сезимде.
Кучагымды жайып тосом сагына,
Үмүтүмдү үзбөй күтөмүн.
Асманда айдай жаркырасаң,
Булут болуп жандап өтөмүн.
Сезимде махабатым азгырат,
Алыстан кол булгалап чакырат
Ак жүзүң арбалып, жеткизбей талпынат
Жеткизбей ал мага, алыска талпынат