Эльзада Насипбекова — Сен болгондо — текст песни
Капалуумун жүрөк кайгырып жүрөт өзүң жок
Карааның издеп жалгыз мен калдым көңүл жок
Айрылып калдым ашыгып сүйгөн жарымдан
Ардагым деген жалжалым деген сөзүң жок
Кайырма:
Эх сен болгондо
Санаа тартып көзгө жашым толмок эмес
Эх сен болгондо
Жалгыз уулуң атакелеп калмак эмес
Эскерип сени азабың тартып сыздадым
Эсимде калдың от болуп жаным ыйладым
Кеттиң сен таштап алыстап бизден алыска
Кантемин эми тагдырым мени кыйнады