Гулжигит Сатыбеков — Сарбазынмын — текст песни
Айтып бүткүс жер сууларын,
кереметсиң Кыргызстаным!
Өмүр таңым, киндик каным,
ата-журтум, Кыргызстаным!
Мекенимди, эл-жеримди,
коргоп алаар жоокериңмин!
Эч бир жерге алмашпасым,
сүйүп тойбойм Кыргызстаным!
Зоолоруңду,тоолоруңду,
коргоп алаар жасоолуңмун!
Мекенимди, эл-жеримди,
коргоп алаар жоокериңмин!
Кызматым эл үчүн,
ала-тоо жер үчүн,
төрөлгөм мекен үчүн!
Баатырыңмын,
кайтпасыңмын,
сактай алаар
сарбазыңмын!
Мекенимди, эл-жеримди,
коргой алаар
жоокериңмин,
коргой алаар
аскериңмин!!