Ильяс Кудретов — Омур ай



Скачать
Слушать


Автор
  • Ильяс Кудретов
  • Жанр
    Битрейт 192 кбит/с
    Размер 6,523 МБ
    Кол-во скачиваний 11086


     

     

    Текст песни — Ильяс Кудретов — Омур ай

     

     

    Биздин башка эмне келип кетпеген?
    Эң башкысы амандыкка жетпеген.
    Кайда жүрбө, кандай күнгө кабылба,
    Досум, кайгырба, тагдырга.

     

    Кайырма:
    Өмүр, өмүр, өмүр, ай,
    Оорубасын көңүл, ай.
    Беш күндүк бул дүйнөдө,
    Өкүнбөгүн, досум, ай.

     

    Кыянат кылба тагдырыңда не бар билбейсиң,
    Бой көтөрбө сен өлүм үчүн бирдейсиң.
    Түбөлүк жашоо болбос, досум, ойлон ушул дүйнөдөн,
    Даяр бол, балким, эртең биз да кетербиз.

     

    Кайырма:
    Өмүр, өмүр, өмүр, ай,
    Оорубасын көңүл, ай.
    Беш күндүк бул дүйнөдө,
    Өкүнбөгүн, досум, ай.

     

    Өмүр, өмүр, өмүр, ай,
    Оорубасын көңүл, ай.
    Жалган жашоо дүйнөдө,
    Жаңылбагын, досум, ай.

     

    Алтын башың аманда,
    Шүгүр кылгын кайгырба.
    Кайда жүрбө, кай жерде,
    Тагдырыңа таарынба.

     

    Кээде өйдө, кээде жай,
    Жашоо деген ушундай.
    Өмүр өтүп баратканын,
    Сезбейбиз го байкабай.

     

     

    Поделиться в соц. сетях

    Клип смотреть






    Другие песни этого автора:




    Похожие песни:


    Добавить комментарий

    Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *