Ирлан Таалайбеков — Нооруз майрамы — текст песни
Нооруз майрам март айы,
Жаңы жылды айталы.
Токчулуктун жылы болсун,
Ойноп күлүп кайталы.
Кайырма:
Нооруз майрамы,
Элимдин сайраны.
Кут кирсин үйгө,
Каалоо айталы.
Эй эй бийле кана кана,
Нооруз майрам сага мага.
Батасын берсин бизге
Кыдыр Ата.
Алас алас аластап,
Ар балээден каластап.
Арчабызды түтөтүп,
Умай эне ырастап.