KG Эльмурат — Сагындым айылды — текст песни
Ала Тоо аралап
Асфальт жол чубалат
Айылга кеткен жол
Журок кубандырат
Мен алыс кетерде
Апакем айткандай
Ааламга кеткен жол
Айлымдан башталат
Кайырма:
Сагындым айылдын
Алмалуу багынды
Мен ойногон кочом
Мектепти сагындым
Сагындым айылды
Тоолорун сагындым
Апаке апаке
Жытынды сагындым
Айылда ынтымак
Баарына бек турат
Акылсыз жургонду
Женелер кеп кылат
Очоктун тамагы
Ак суту каймагы
Сагынтып чакырат
Чыдамым калбады