Коконбай Жылдыз — Ойлончу



Скачать
Слушать


Автор
  • Коконбай Жылдыз
  • Жанр
    Битрейт 266 кбит/с
    Размер 5,193 МБ
    Кол-во скачиваний 364


     

     

    Коконбай Жылдыз — Ойлончу — текст песни

     

     

     

    Жүрөгүмдү куйкалайсың жалындай.
    Жүралбаймын күндө сени сагынбай.
    Мээ сергитет менде жүргөн элесиң,
    Мелмиреген Ысык-Көлдүн таңындай.

     

    Көзүң укмуш–ак чыныда карагат,
    Көп караба, жүрөгүмдү жаралап,
    Көөнүң болсо, бир белгиңди түшүндүр
    Киши жалдап, сүйө албаймын паралап!

     

    Эч пайдасыз ээрчип жүрөм эринбей.
    Жооп берчи, же жок дечи керилбей.
    Кээ бир түштө беттен сылап коесуң,
    Июлдагы көк конуштун желиндей.

     

    Сүрдөп кетем капыс жерден кабылсам.
    Кечирип кой, мен сүйүүдөн жаңылсам!
    Жалгыз сага жарашкансып көрүнөт
    Кайсы күнү–кандай жоолук салынсаң…

     

    Жайдын түнү… Аба салкын, ай жарык,
    Көп жүрдүк го бак аралап айланып.
    Бир мезгилде мындай сунуш киргиздиң:
    «Болдучу эми, түн ортосу, кайталык…»

     

    Дедиң дагы мага карап токтодуң,
    Колду сундуң коштошчуга окшодуң.
    «Эсен тур»–деп оң колумду бек кысып,
    Ич жылытып жүрөгүмдү козгодуң.

     

    Кучактадым. Мен сен жакка ыктадым,
    Сен да ыктадың, кучагымдан чыкпадың.
    Шылтоо кылып, чочубасын дегенсип,
    Жакаңдагы кызыл гүлдү жыттадым

     

     

     

    Поделиться в соц. сетях




    Другие песни этого автора:




    Похожие песни:


    Добавить комментарий

    Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *