Кыргызстанда дагы 22 кишиден COVID-19 чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, COVID-19 аныкталган сегиз киши Бишкекте, үчөө Ош облусунда, алты адам Ош шаарында, дагы бешөө Нарында катталган.
Ушуну менен Кыргызстан боюнча коронавирус жугузуп алгандардын жалпы саны 590го жетти.