Нургазы Абдуллаев — Күтөм сени — текст песни
Күттүм сени таң жаркырап атканча,
Күүгүм түшүп күндүн нуру батканча.
Үмүт үзбөй, күтүүдөн эч тажабай,
Күтөм сени, күтөм сени, күтөм сени.
[Кайырма]
Ар таңда күтөм сени,
Ардагым билесиңби?
Ак сүйүүмдү сезесиңби,
Кайрылып келесиңби?
Күттүм сени чолпон жылдыз өчкөнчө,
Ак булуттар жамгыр жашын төккөнчө.
Үмүттөнүп, күтүүдөн эч тажабай,
Күтөм сени, күтөм сени, күтөм сени.