Нурмат Садыров — Коштошуу — текст песни
Коштошуу – ушунчалык кыйынбы?
Көөдөнгө жашырдым арман, ыйымды.
Коштошуу… Унчукпастан жанашып,
Корккондой көз албай турдук карашып…
Мен узатып сени алыска
Турамын жээкте,
Жанымды бөлүп экиге,
Жүрөктү эзбе!
Мен күтөмүн сени сагынып,
Ар күнү кечте,
Сен кайрылып мага келгиче
Өзгөрүп кетпе!
Жанымда жүрбөсүң чын ар дайым,
Жан биргем жоготуп сени албайын…