Бул жылы Рамазан айы 24-апрелде башталат. Бул маалыматты Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы бүгүн, 17-апрелде билдирди.
«Орто Азия мусулмандары үчүн эл аралык астрономиялык обсерваториялардын тажрыйбаларын пайдалануу менен, ошондой эле коңшу Өзбекстан жана Казакстан өлкөлөрүнүн Дин башкармалыктары менен кеңешип, орозонун биринчи күнү аныкталды. Айдын чыгышына жараша бир күнгө айырма болушу мүмкүн», — деп айтылат билдирүүдө.
2019-жылы орозо 6-майда башталып, 6-июнда аяктаган.