Самара Каримова - Бололу бирге

Самара Каримова — Бололу бирге



Скачать
Слушать


Автор
  • Самара Каримова
  • Жанр
    Битрейт 128 кбит/с
    Размер 4,027 МБ
    Кол-во скачиваний 360


    Текст песни — Самара Каримова — Бололу бирге

    Ай сулуу кыз аткан таңдай,
    Көңүл учту сага карай,
    Карайм карегимди албай…
    Тилегиңиз жанга дос бекен?
    Жүрөгүңүз али бош бекен?
    Кечиктимби мен ай, билемин кандай?

    Баатыр жигит болчу Абай,
    Сендейлерди көргөм далай.
    Анча, ашыкпаңыз андай…
    Жүрөк ээси болуу урмат го,
    Аны ачуу сизге кымбат го,
    Ачкычын да албай,
    Ачасыз кандай?

    Кайырма:
    Ачып алам, оңой жолу керек,
    Ашык адам тапкыч болуу керек.
    Максаттарын бийик коюу керек,
    Эки жүрөк бирдей согуу керек.
    Көзүңүздү жатка ыйгарбай,
    Өзүңүздү бекер кыйнабай.
    Бөлүнбөй, биз күндө, бололу бирге!

    Кабагыңа конгон Күн-Ай,
    Карегиңе толгон чырай,
    Сени шүгүр берген Кудай.
    Сезимиңди арнап келсең ай,
    Эркелеген менин эркем ай.
    Бакытты далай, көрөлү ары карай.

    Эркелетип эчен курдай,
    Кылыгыма жүрсөң чыдай,
    Бактылуу боломун тынбай.
    Сен болосуң менин шерим ай,
    Мен болоюн сенин теңиң ай,
    Сүйүүмдү арнай, жүрөйүн талбай.

    Кайырма:
    Ары жагы биздин багыбыздан,
    Арылалы жалгыз жагыбыздан.
    Сагыналы ойлоп таңыбыздан,
    Табылалы дайым жаныбыздан.
    Көзүбүздү жатка ыйгарбай,
    Өзүбүздү бекер кыйнабай,
    Бөлүнбөй, биз күндө, бололу бирге!

    Поделиться в соц. сетях

    Клип смотреть


    https://www.youtube.com/watch?v=uunCOM6Uz-4



    Другие песни этого автора:




    Похожие песни:


    Добавить комментарий

    Ваш адрес email не будет опубликован.