Ширин Нурак — Уялаштар — текст песни
Бир уядан балапандар учкандай
Бир булонун эркелеткен балдары
Баш которуп канат кагып узадык
Босогодон бизге ыйык андагы
Кайырма:
Сый урматын аянбаган жандарым
Уялаштар менин бир туугандарым
Атам апам бизге эмне тилешсе
Ошолордун тилектерин арнарым
Бопологон ар бирибиз бой тартып
Турмуш куруп чыйыр салып кеткенче
Тиректербиз ынтымака уйутпас
Ата эненин батасындай эч нерсе
Мезгил агып ата энеден алыстап
Агам ата эжем эне болушту
Тамыр бутак жайып мына бапырап
Оз озунчо бирден шаар конушту