Швейцария дыйкандарга 3,5 миллион сомдук жардам корсотту

 

Швейцария дыйкандарга 3,5 миллион сомдук жардам корсотту

 

 

Швейцария өкмөтү пандемиядан улам күтүлгөн кырдаалдын кесепеттерин алдын алуу үчүн Ош облусуна караштуу Алай жана Чоң-Алай райондорундагы дыйкандарга колдоо көрсөттү. Аларды тоют өсүмдүктөрүнүн үрөнү, жер семирткичтер жана асыл-тукум бодо малдын уруктары менен камсыз кылуу үчүн 3,5 миллион сом акча бөлдү.

 

Бул акча дүйнөнү каптаган COVID-19 вирусунун айынан күтүлүп жаткан тобокелчиликтердин таасирин жеңилдетүү, айыл чарбасы жана мал чарбасы менен алектенгендерди колдоо, өндүрүштү үзгүлтүккө учуратпай кармап калуу максатында берилди.

 

Эки райондо 300дөн ашуун муктаж болгон үй-бүлөгө 45 тоннага чукул арпанын, 20 тонна эспарцеттин үрөнү жана 33 тонна жер семирткич берилди. Мындан сырткары 300 даана эт жана эт-сүт багытындагы Абердин Ангус, Симментал жана Швиц породаларындагы асыл тукум бодо малдардын уруктары, 100 литр азот суюктугу жергиликтүү жасалма уруктандыруучу адистерге таратылды. Адистер аз камсыз болгон же калктын аярлуу катмарын толуктаган фермерлерге арзандатылган баада өз кызматтарын көрсөтүшөт.

 

Аталган жардам «Бай-Алай» программасынын алкагында уюштурулду. Долбоор Алай жана Чоң-Алай райондорундагы үй-бүлөлөрдүн кирешесин жогорулатуу жана жумуш орундарын түзүү максатын көздөйт. Мындан сырткары долбоор колдоого алып, өнүктүрүүгө басым жасаган тармактар: ийри мүйүздүү мал чарбасын өнүктүрүү, туризм, кол өнөрчүлүк жана балчылыкты өнүктүрүү. «Бай Алай» долбоору — Швейцария өкмөтүнүн Өнүктүрүү жана кызматташтык боюнча агенттиги тарабынан каржыланып, «Хельветас Кыргызстан» жана «Ага Хан» фондунун Кыргызстандагы Тоолуу жамааттарды өнүктүрүүнү колдоо программасы аркылуу ишке ашырылат.

 

 

Поделиться в соц. сетях

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *