СЫЙМЫК БЕЙШЕКЕЕВ — БООРДОШУМ — текст песни
Боордошум үйдөн алыс жүрөсүң,
Турмуш жолун үшкүрүнүп сүрөсүң.
Кудай колдоп бир тал чачың кемибей,
Жүрөгүңдө өчпөс үмүт түнөсүн.
Кайырма:
Сагынычтар эритишер ташты да,
Самап жетип жетип максаттарга астыда.
Ар бириңдин амандыгың тилеймин,
Мекендештер бизден салам айткыла.
Алтын күндөр ажар ачып жакшына,
Жетсең экен тилеп жүргөн бактыңа.
Бириң эмес баардык боордошторум,
Аман жүрүп Ала Тоого кайткыла.
Боордошум, боордошум,
Кайда жүрсөң кудай сени колдосун.
Боордошум, боордошум,
Турмушуңда эч жамандык болбосун.
Эне таптайт үмүтүнүн ак кушун,
Тапса экен деп балам турмуш ачкычын.
Ата Энесин күтөт балдар жол карап,
Элестетип эртеңки күн бактысын.
Кайырма:
Ар бириңдин амандыгың зор бакыт,
Ата журтка салымыңар ченемсиз.
Алыс жерден ысык суука кайышып,
Азап чегип жүргөнүңөр сезебиз.