СЫЙМЫК БЕЙШЕКЕЕВ — ЭСТЕЛИК — текст песни
Өткөн согуш ар бир үйгө сес берип,
Турат бүгүн ар бир жерде эстелик.
Гүл ордуна койдум ушул ырымды,
Аталарды, агаларды эскерип.
Биз турмушта аталардан кеч келип,
Тээ батыштан согуш отун кечпедик.
А аталар төрөлө элек биз үчүн,
Кала берди танк алдында тепселип.
Биз турмушта агалардан кеч келип,
Тээ батыштан адам канын кечпедик.
А агалар жаңы баскан биз үчүн,
Кала берди танк алдында тепселип.
Өткөн согуш ар бир үйгө сес берип,
Турат мына ар бир жерде эстелик.
Гүл ордуна койдум ушул ырымды,
Аталарды, агаларды эскерип.