Сыймык Бейшекеев — Өкүл балдарым — текст песни
Абалтадан ызат, сыйды такташып,
Ар бир жеткен ийгиликти макташып.
Ага инилик мамилени бекемдеп,
Ата-бала болуп калдык катташып.
Кайырма:
Асылдарым менин өкүл балдарым,
Ар убакта ийгиликтен калбагын.
Алкап турсун баарыңарды улуу журт,
Адалдыкты, аруулукту кармагын.
Алкап турсун ар бириңди улуу журт,
Асылдарым менин өкүл балдарым.
Ар бириңдин ар башка бар кыялың,
Айтсам азыр ачып кептин кыябын.
Ак дил менен кылган урматыңарды,
Акыл менен аңдап сезип туямын.
Кайырма:
Эч бириңди айрыбасын тууруңан,
Эч кимиңе дарт бербесин кууруган.
Кыска ойлуу найза сунса бирөөңө,
Кылыч болуп кындан азыр суурулам.
Кайырма:
Асылдарым менин өкүл балдарым,
Ар убакта ийгиликтен калбагын.
Алкап турсун баарыңарды улуу журт,
Адалдыкты, аруулукту кармагын.
Тандооңорго таазим кылам балдарым,
Тагдыр жолдо болбосун түк арманың.
Эң башкысы бекем болсо ынтымак,
Эч нерсе эмес бир чечебиз калганын,
Өмүрүңөр узун болсун деп тилейм,
Өмүр жолдо тапкан өкүл балдарым.
Тандооңорго таазим кылам балдарым