Владимир Путин мигранттардын жашоосун женилдетти

 

Владимир Путин мигранттардын жашоосун женилдетти

 

 

Россия президенти Владимир Путин коронавирустан улам түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Россияда чет элдиктердин жүрүүсү жана эмгектенүүсү боюнча шарттарды жеңилдетти. Бул тууралуу Кремлдин сайтында жазылган.

 

Өлкө башчы убактылуу чаралар боюнча документке кол койду.

 

Ага ылайык, 15-марттан 15-июнга чейин төмөнкүлөрдү талап кылуу токтотулат:

 

  • Чет элдиктердин Россиядагы каттоосу же жумушу боюнча уруксат кагаздарынын мөөнөтү аягына чыгып бара жатса;
  • Ар кандай себептерден улам тиешелүү органдар Россиядан депортациялоо чечимин кабыл алган чет элдиктердин өз эрки менен өлкөдөн чыгып кетүү мөөнөтү келсе;
  • Чет элдиктерге Россияда убактылуу жашоого, иштөөгө уруксат берген документтердин, визалардын мөөнөтү бүтсө.

 

 

Мындан тышкары:

 

Чет өлкөлүктөрдү жумушка алууга уруксаты бар мекемелер бардык санитардык-эпидемиологиялык шарттарды сактаган учурда чет элдиктерге жумуш берүүгө укуктуу. Бул аралыкта Россияда жашоого жана иштөөгө уруксаты жок чет элдиктерди өлкөдөн чыгаруу чечимдери кабыл алынбайт.

 

 

Документ бүгүндөн баштап күчүнө кирди.

Поделиться в соц. сетях

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.