Жумагул Раимжан кызы — Оорусаныз таарынам — текст песни
[Кайырма]
Ооруу сизден адашсын болуп алыс,
Жакшылыкта жадырап жолугабыз.
Жарык дүйнө бардыгын эске салчы,
Оорусаңыз таарынам, оорубаңыз…
Сиз мен үчүн сыйлуусуз, эбегейсиз,
Балким буга түшүнбөй неге дейсиз.
Ак жүрөктүү асылдар аз болушат,
Сиздей таза, кадамын ченебей түз.
[Кайырма]
Билбейм неге мен сизди аяп турам,
Амандыкты чакырып канаат кылам.
Бийиктикке сиз турган шаты коюп,
Бийлик кылып биз сезим баратты улам.