Журсун Каттообеков — Махабатым



Скачать
Слушать


Автор
  • Журсун Каттообеков
  • Жанр
    Битрейт 237 кбит/с
    Размер 7,197 МБ
    Кол-во скачиваний 364


     

     

    Журсун Каттообеков — Махабатым — текст песни

     

     

     

    Башкаларга баркың билинбей,
    Жүрсөң деле көптүн бириндей.
    Жашоо берген өңдүү а мага,
    Жагымдуусуң жаздын гүлүндөй, эй, гүлүндөй.

     

    Кайырма:
    Махабатым Чолпон жылдыздай,
    Көз талдырат көркүң кундуздай.
    Көргөн сайын көөнүм арбалып,
    Адатым бар ичтен бир сызмай.

     

    Абалымды сезер болсоңчу,
    Кушум болуп колго консоңчу.
    Көңүл үчүн кээде бир жолу,
    Көз кырыңды салып койсоңчу.

     

    Кайырма:
    Наристесиң Чолпон жылдыздай,
    Көз талдырат көркүң кундуздай.
    Көргөн сайын көөнүм арбалып,
    Адатым бар ичтен бир сызмай.

     

    Башкаларга баркың билинбей,
    Жүрсөң керек көптүн бириндей.
    Жашоо берген өңдүү а мага,
    Жүрсөң керек жаздын гулундой

     

    Наристесиң Чолпон жылдыздай,
    Көз талдырат көркүң кундуздай.
    Көргөн сайын көөнүм арбалып,
    Адатым бар ичтен бир сызмай.

     

     

     

    Поделиться в соц. сетях




    Другие песни этого автора:




    Похожие песни:


    Добавить комментарий

    Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *