КУРАЛ ЧОКОЕВ — ДОСТОРГО — текст песни
Байлык жок менде, бийлик жок элдер кызыккан,
Чыгалбай келем пенделик деген сызыктан.
Байлыгың деле, бийлигиң деле курсунчу,
Кудайга шүгүр достор бар көңүл ысыткан.
Урматың ашып, таалайың ташып турсунчу,
Ырахат тилеп, келечек колун сунсунчу.
Өмүрүң сенин узак бир болсун жан досум,
Сыймыгың артып алганың жакшы жар болсун.