Бугун 17 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды.

 

 

Кыргызстанда дагы 17 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды

 

 

Бүгүн, 30-апрелге карата Кыргызстанда дагы 17 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

 

Анын айтымында, жаңы учурлар Бишкек, Ош шаарында жана Ош, Нарын, Чүй, Жалал-Абад облусунда катталды. Муну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 746 адамга жетти. Акыркы суткада 25 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

 

Жаңы катталган бейтаптар: — Бишкек шаарында 3; — Чүй облусунда 9; — Нарын облусунда 1; — Ош облусунда 2; — Ош шаарында 1; — Жалал-Абад облусунда 1.

 

 

Поделиться в соц. сетях

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

➤