Түн бир оокум, сени ойлоп уйкум качты,
Көздөн жашым жаздыгыма тамып жатты.
Кейип турам, апакебай, урушпачы,
Сүйгөнүмдү башка бала ала качты.
Суйгонумду Кош Дообого ала качты
Сен жашаган үйүңө барайынбы?
Сени издеп Ак тааладан табайынбы?
Же ыйлатып, беймаза кылып сен оу,
Убалыңа өзүңдүн каламынбы?
Жолдошунду кызгантып аламынбы?
Жолукканда салам айтып ыйлатпаймын,
Жолдошуңду кызгантып сени сыздатпаймын,
Аппак сүйүү таза бойдон кала берсин,
Болду эми сага арнап ыр жазбаймын.
Жолдошуңду кызгантып сыздатпаймын,
Болду эми сага арнап ыр жазбаймын.