Зейнеп Шакеева — Чагылган



Скачать
Слушать


Автор
  • Зейнеп Шакеева
  • Жанр
    Битрейт 128 кбит/с
    Размер 2,138 МБ
    Кол-во скачиваний 0


     

     

    Зейнеп Шакеева — Чагылган — текст песни

     

     

     

    Көрүшкөндө көздөр тике карабай,
    Эки мүнөз уяң өскөн баладай.
    Жүрөк сырын жүзүбүздөн байкашып,
    Баратабыз гүлдүү бакты аралай.

     

    Биз ал күнү таанышканбыз жаңыдан,
    Жарым карыш чыккым келбейт жаныңдан.
    «Аппагыңды көрүп алчы” дегенсип,
    Аңгыча эле жарк дей түштү чагылган.

     

    Жарк дегенде неге сени карадым?
    Жүрөк булкуп жайнап турду жамалың.
    Дагы, дагы жарк дей түшсө экен деп,
    Ошондо мен чагылганды самадым.

     

    Басылганча туралы деп кичине,
    Баш катабыз бир күрмөнүн ичине.
    Ошол түндү дал ошентип өткөрдүк,
    Неге мынча сүйүү кызык кишиге?

     

    Поделиться в соц. сетях




    Другие песни этого автора:




    Похожие песни:


    Добавить комментарий

    Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

    ➤