Бүгүн, 18-апрелде республикалык ыкчам штабдын жыйыны өттү. Анын жүрүшүндө саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов донордук уюмдардан жасалма дем алдыруучу 63 жабдык алуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди.
⠀
Ошондой эле Кыргызстанга эртең Польшадан, 20-апрелде Кытайдан адистер келе турганын маалымдады. Алар окутуу жүргүзүп, дарыгерлерге кеңеш беришет.