Текст песни — Динара Акулова — Ак тилек
Эли жерин ойлогон,
Эркиндигин коргогон.
Жаштарынан болгула дайым,
Жакшы ишти болжогон.
Алып калгын кур калбай,
Билим деген олжодон.
Кайырма:
Кылым аралап элге таралат,
Аруу тилек аманат.
Жүрсөм сабалап элге таралат,
Албан иштер жаралат.
Эне сүтүн актаган,
Эл намысын сатпаган.
Уул кызы болгула дайым.
Улуу салтты сактаган.
Бактыңарга конгула,
Барчын куштай тапталган.