Кайрат Примбердиев, Бегиш — Айылыма



Скачать
Слушать


Автор
  • Бегиш
  • Кайрат Примбердиев
  • Жанр
    Битрейт 128 кбит/с
    Размер 3,511 МБ
    Кол-во скачиваний 1120


     

     

    Кайрат Примбердиев, Бегиш — Айылыма — текст песни

     

     

    Асыр эзелтен азыр деле тең
    Ар адамдын айыл булагы
    Алса экен деп элдин мурасын
    Ар ата-эне тилеп турабы
    Айлымда ата-салты бек эле
    Айланам толо асыл кеп эле.
    Ар дайым баргым келет тезирээк
    Балалыгым балга малып
    Койгон сымал сезилет.

     

    Кайырма:
    Таанымал талуу сезим келет
    Билип ал
    Түйүнчөгүм даяр замат
    Таң эртеси жолду карап.

     

    Жүрү-жүрү кеттик анда
    Айылыма, айлыма
    Таалайымдын тамырына
    Тарыхымдын таң сырына.
    Таалайымдын тамырына
    Тарыхымдын таң сырына.

     

    2
    Айыл жытынан акыл сергисе
    Аталарга кулак эргисе
    Түндүгүнөн түнү жылдыз санаган
    Болду беле сенде бир кезек.

     

    Шибир баскан жылаңайлак
    Тикенектен секирип
    Атка минип, аттан кулап
    Эр жигиттер жетилип.
    Алтын шакек, упай чертип,
    Ак терегиң, көк терек.
    Айылымдан алган отуң
    Терең акыл, күч билек.

     

    Кайырма:
    Таанымал, талуу сезим келет Билип ал
    Түйүнчөгүм даяр замат
    Таң эртеси жолду карап.

     

    Жүрү-жүрү кеттик анда
    Айылыма, айлыма
    Таалайымдын тамырына
    Тарыхымдын таң сырына.
    Таалайымдын тамырына
    Тарыхымдын таң сырына.

     

    (Бегиш, рэп):
    Экөөбүз бир чоңойгон айыл
    Эсимде калды түбөлүк дайым.
    Балалык кезге түшүп Айылды
    Айланайлы, кыдыралы.

     

    Курбуларды чогултуп барып
    Дасторкон алып, отунду жарып
    Жаңырсын айылдын сонун ырлары
    Шар аккан булагы жүрөккө дары.

     

    Баралы айылга тажатса шаарым
    Жандырып жайлоого жаштыктын шамын.
    Алабы жүрөкттөр бираз жашарып,
    Калабы жүрөкттөр бираз жашарып,
    Ааламга жол айылдан өтөт
    Унутпайм сактаймын мен аны эстейм
    Сагынып айылымды кучактап бекем,
    Түйүнчөгүм алып айылга кетем.

     

    (К. Примбердиев):
    Таалайымдын тамырына
    Тарыхымдын таң сырына.

    Таалайымдын тамырына
    Тарыхымдын таң сырына.

    Таалайымдын тамырына
    Тарыхымдын таң сырына.

    Поделиться в соц. сетях




    Другие песни этого автора:




    Похожие песни:


    Добавить комментарий

    Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *