Кенеш тобу — Жан кызым — текст песни
Алгачкы кадам тай тайлап баскан
Эсимде ай кызым
Ата деп алгач тилинден сенин
Бакытка балкыдын
Ак тилек менен бешике болоп
Алдейлеп ай кызым
Апа деп айткан тилинден сенин
Бакытка балкыдын
Убакыт учуп узатып турам
Уяндан ай кызым
Урматта кайын журтунду сыйлап
Ак жолун ачылсын
Ажарлуу келин мээримдуу эне
Атына татыган
Ардакта кайын журтунду сыйлап
Аман бол ай кызым
Байлыка эмес батага толсун
Кошогон ай кызым
Батамды берип узатып жатам
Бактылуу бол кызым
Иймелип кайын атана дайым
Алкышын ал кызым
Ийилип кайын энене дайым
Батасын ал кызым
Карааным менин карегиндемин
Канатым ай кызым
Колумдан сени учуруп жатам
Куш кылып ай кызым
Кыялкеч бала балапан канат
Эркелен ай кызым
Оксобой дайым ырыскын толуп
Бактылуу бол кызым