Мээрим Карыпова — Санат насыят — текст песни
Аргымакты жаман деп
Бууданды кайдан табасын
Агайынды жаман деп
Тууганды кайдан табасын
Ак саманды жаман деп
Чопту кайдан таласын
Аз дуйнону жаман деп
Копту кайдан табасын
Жарма чайды жаман деп
Этти кайдан табасын
Акындарды жаман деп
Кепти бир кайдан табасын
Агарган карда коп журсон
Козун бир кун карыгат
Агайындан чет журсон
Конулун бир кун калынат
Тууганына батпаган
Душманына жалынат
Болбос жаман арамзада
Болумсуз ишке малынат
Ханды кудай урарда
Калкына жаман кас болот
Байды кудай урарда
Доолотуно мас болот
Кышты кудай урарда
Кун жылымдап жаз болот
Элди кудай урарда
Элусундо жаш болот
Жалпы жылдыз чогулса
Жарым шоолан айдай жок
Тогуз улак бириксе
Баасы жалгыз тайдай жок
Карандай чайды коп ичсен
Бир кесим казы майдай жок
Бычак берсен кындап бер
Кындап берсен чындап бер
Берекесиз байлардан
Пейил менен кум кетет
Жумуш кылсан удаа кыл
Иштеп кеткен илдекер
Кара санап бирди алсан
Колунуздан мин кетер
Баарын болсо бир озу
Душманын кантип былк этер
Чечилишип сырдашсан да
Кокурокто мун кетер
Ажалын бутуп кун тушсо
Кайран бир башын шылк этер