Сыймык Бейшекеев — КЛАССТАШТАР — текст песни
Сааттарды саначу элек,
Сабактан биз тарачу элек.
Эртеңки күн кызыктырып,
Эңсөө менен карачы элек.
Ак тилектүү балдар элек,
Ар кесипти тандаар элек.
Чоң турмушка кадам таштап,
Чоң кишиче караар элек.
Алды жака шашылганбыз,
Ак гүлдөрдөй ачылганбыз.
Тагдыр берген жолдор менен,
Жылдыз болуп чачылганбыз.
Ушунчалык мезгил такпы,
Жыйырма жыл кантип акты.
Келдик мына классташтар,
Жолугуубуз кандай жакшы.
Классташтар кандай жакшы.
Келечекке максат көздөп,
Кеткен күндү бүгүн эстеп.
Бирге келсек сүйүнгөнсүйт,
Биз окуган эски мектеп.
Өз мыйзамын бекем тутуп,
Өмүр ченем десең кызык.
Коштошолу көрүшкөнчө,
Колубузду бекем кысып.
Ушул күндү кайра кетсек,
Унутпайбыз такыр, эстеп.
Аман болсун эже агайлар,
Аман болсун биздин мектеп.
Аман болсун классташтар,
Аман болсун биздин мектеп.