Сыймык Бейшекеев - Төр талашпа

Сыймык Бейшекеев — Төр талашпа



Скачать
Слушать


Автор
  • Сыймык Бейшекеев
  • Жанр
    Битрейт 320 кбит/с
    Размер 10,607 МБ
    Кол-во скачиваний 606


     

    Сыймык Бейшекеев — Төр талашпа

    Урпактары Манастын,
    Улап келген тарыхын.
    Кыргыз элим байыртан,
    Кылымдардын жарышын.
    Мейманына урматтап,
    Койгон колдо баарысын.
    Бөрү тери жамынып,
    Бөлгөн кантип жарысын?

    Орун алып орток деп,
    Оңдоп алып турмушун.
    Таарынтканда ашыкча,
    Татып жүрүп ким тузун.
    Өзү келип тийишип,
    Кордоп жатса уул-кызын,
    Катылгандын катыгын,
    Берип келген кыргызым.

    Өзбек тууган, не керек?
    Жалган жалаа койгондун.
    Кыргыз сыйлап төрүндө,
    Кыйын десе толгондуң.
    Кыргыз нанын жеп жатып,
    Кыйшык сөзүң оңдонгун.
    Биздин жерде жашасаң,
    Биздин салтты колдонгун.

    Мал арыгын баккандын,
    Бармактары май жалайт.
    Киши арыгын баккандын,
    Оозу бир күн канжалайт.
    Деген сөз бар илгертен,
    Акылсыздар аңдабайт.
    Өзбектин түркөйү,
    Сөз маанисин тандабайт.

    Өзбек деген тууганда,
    Өзүмчүлдүк арбыйбы?
    Сырттан көчүп келишип,
    Байлык менен мал жыйды.
    Ач көздүгү ашынып,
    Алгач баштап кан кыйды.
    Ата журтту сактайм деп,
    Азаматтар жан кыйды.

    Юлдуз деген ыр ырдайт,
    Чаң чыгарып таңдайды.
    Кордоду деп кыргыздар,
    Бет тырмачу кандай бу?
    Кулдай болуп кутуруп,
    Куулук менен алдайбы?
    Кыргыз эли жакпаса,
    Өз элине барбайбы?
    Таарынса эгер кыргызга
    Ташкентине барбайбы?

    Касапчыга мал кайгы,
    Кара эчкиге жан кайгы.
    Боордошуп жашасак,
    Болбос эле зар, кайгы.
    Өзбектин жаманы,
    Өзү баштап андайды.
    Уят кылып жакшысын,
    Узун сөзгө калбайбы?

    Өзбектей кыргызым,
    Өзү келип тийишпейт.
    Жашап жүрүп кыргызда,
    Жаман мейман күйүшпөйт.
    Коноктугун унутуп,
    Кой дегенди билишпейт.
    Сабак болсун башкага,
    Кимдер кулак түрүшпөйт.

    Бийигидир кыргыздын,
    Бир туугандай санашса.
    Ынсабыңды бек туткун,
    Ыйманыңа жараша.
    Жакын коңшу деп койсо,
    Жаман ойго жанашпа.
    Төркүн эмес, бөлөк эл,
    Төрдү келип талашпа.

    Биздин жерге келгендер,
    Биздин салтты тутунмай.
    Ынтымактуу бололу,
    Ырыскыны учурбай.
    Бизге кымбат нерсе жок,
    Биримдиктин кутундай.
    Кыргызстанды сүйөлү,
    Биздин тилек ушундай

    Поделиться в соц. сетях




    Другие песни этого автора:




    Похожие песни:


    Добавить комментарий

    Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *