1-майдан тартып 130 миңге жакын киши жумушка чыгат

 

1-майдан тартып 130 миңге жакын киши жумушка чыгат.

 

 

Абылгазиев: 1-майдан тартып 130 миңге жакын киши жумушка чыгат.

 

Өкмөттүн чечими менен бүгүн, 1-майдан тартып Кыргызстанда ишкердиктин бир катар түрлөрү иштей баштайт. Анын ичинде өнөр жай өндүрүшү, тоо-кен, энергетикалык тармак, текстиль, эмерек чыгаруу ишканалары бар. Курулуш объектилери, сугат, жол куруу иштери жандандат.

 

Дөңгөлөктөрдү желимдөө станциялары, интернет дүкөндөр, курулуш материалдарын саткан жайлар, жашылча базарлар, чач тарачтар жана такси кызматы иштей баштайт.

 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин 30-апрелде Жогорку Кеңеште берген маалыматына караганда, баш-аягы 130 миңге жакын адам жумушка чыгат деп болжолдонууда. «Биринчи этапта 20 миңге жакын ишкердик субъекттин иши жанданат. Аларда 130 миңге чукул адам иштейт. Алар дарыгерлер берген санитардык эпидемиологиялык талаптарды так аткарыш керек. Биз алар кандай шартта иштеп жатканын текшерип турабыз», — деди Абылгазиев.

 

1-майда Бишкек шаарынын ичиндеги блокпосттор да алынды. Өкмөт ишкердикти жандандырууну үч баскычка бөлгөн. Ага ылайык, 11-майдан тарта микрофинансылык уюмдар, камсыздандыруу компаниялары, туристтик агенттиктер, жалпыга маалымдоо каражаттары, эл ташыган автобустар жана троллейбустар иштеп баштайт.

 

Ал эми 21-майда акча алмаштыруу жайлары, ломбарддар, соода борборлору, кийим-кече саткан базарлар жана автомобиль базарлары ишине уруксат берилет.

 

 

Поделиться в соц. сетях

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.