23 бейтап бугун 17 апрельде коронавирустан айыкты

23 бейтап бугун 17 апрельде коронавирустан айыкты

 

Кыргызстанда бир сутка ичинде 23 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

 

Сакайган бейтаптардын жетөө Ош шаарынан, тогузу Бишкектен жана дагы жетөө Жалал-Абад облусунан.

 

Учурда вирусту жеңип, стационардан чыгарылган бейтаптардын саны 114 болду.

 

Бүгүн ошондой эле вирусту дагы 23 киши жуктуруп алганы маалымдалды.

 

Поделиться в соц. сетях

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *