Түмөнбай Колдошов — ЖАШОО КӨКТӨМҮ — текст песни
Бул жашоодо жаза баспадым,
Жанымды жеп, жалган айтпадым.
Тоскоолдуктар тоодой тоссо да,
Ак жолумдан бирок кайтпадым.
Сындыргысы келди — сынбадым,
Чөктүргүсү келди — чөкпөдүм.
Бурганактар бетке урса да,
Күтүп келдим жашоо көктөмүн.
Ушак сөздөр уулап дилимди,
Көралбастар тосту Күнүмдү.
Бакытымдын жолун тоссо да,
Бакыт мага карап жүгүрдү.
Көргөзбөдүм көздөн ыйымды,
Көңүл-көчөт канча кыйылды.
Коломтону өчүргөн жандар,
Коломтомо келип жылынды.