Эллада Асылбекова — Эсимде — текст песни
Жайдын бир гана толук ай кезинде, ай,
Адырлуу гана тоонун бетинде.
Сан гүлдөн тандап бирди үзгөн, ай,
Жайдары гана селки, ай эсимде
Ааа-иий,оо-о иий эсимде…
Өзүмдү сага берем деп,
Өмүрдүн гүлүн терем деп.
Сүйлөшкөн күндөр эсимде,
Турмуштун сыры тереңдеп.
Агарып тоодо таң аткан,
Суюлуп жылдыз бараткан,
Калды го бекен эсиңде,
Кыйышпай күлө карашкан.
Антыңды ойлоп таңдагы,
Көңүлүм сенден калбады.
Азыркы шайыр жаштардын,
Өзүңдөй болсун алганы.