Тилек Абдысадыков — Көлдүк кыз — текст песни
Көк көйнөк кийсең, көңүлүм сага бөлүнөт,
Көркөмүң мага күн нуру болуп төгүлөт.
Көңүлүм чындап бурулуп калды, көлдүк кыз,
Көксөгөн муңум, жүрөктө сырым угуңуз.
Көңүлүм чындап бурулуп калды, көлдүк кыз,
Көксөгөн муңум, жүрөктө сырым угуңуз.
Ак көйнөк кийсең, акылым сага бөлүнөт,
Ажарың мага ай нуру болуп төгүлөт.
Ашыкмын сизге, ашыктым чынлап, көлдүк кыз,
Атайын сизге арнаган ырым угуңуз.
Ашыкмын сизге, ашыкмын чындап, көлдүк кыз,
Атайын сизге арнаган ырым угуңуз.
Кызылды кийсең, кыялым сага бөлүнөт,
Кылыгың мага кызгалдак болуп көрүнөт.
Кымбатым менин, көлдүк кыз, ырым угуңуз,
Кылымдар бою бүтпөсө экен ырыбыз.
Кымбатым менин, көлдүк кыз, ырым угуңуз,
Кылымдар бою бүтпөсо экен ырыбыз.