Абай — Айдоочу — текст песни
Жамгыр тынбай нөшөрлөгөн жаздын айы эле,
Жанга жаккан музыка койгом жаңы эле.
Жалыны жок, мокогон мен — айдоочунун,
Жүрөгүнө чок салган кандай жан элең?
Кайырма:
Узун чачы бар эле, көздөрү кара эле,
Унчукпадым, жанында энеси бар эле.
Айдан түшкөн кыз эле, айдын кызы эле,
Айлар өтүп кетсе да, издейм дагы эле.
Мен айдоочу жөнөкөй, маек курбаган,
Алтын күлкү селкилер көңүл бурбаган.
Жалган беле, чын беле узап кетерде,
«Көрүшөбүз го” деген сенин убадаң?
Салкын убадаң?