Абдылдабек Казакбаев — Ак койногун кийип кел



Скачать
Слушать


Автор
  • Абдылдабек Казакбаев
  • Жанр
    Битрейт 128 кбит/с
    Размер 2,734 МБ
    Кол-во скачиваний 193


     

     

    Абдылдабек Казакбаев — Ак койногун кийип кел — текст песни

     

     

     

    Коңур күздө түшөт сары жалбырак,
    Келчү жолуң күтөм карап жалдырап.
    Сүйүүңөргө суктандым мен дегенсип,
    Көк асмандан тамчы, тамчы жаш кулап.

     

    Жолугууга ак көйнөгүң кийип кел,
    Жоодур карап бул жашоону сүйүп кел.
    Кабагыңдан капалыгың сездирбей,
    Жарык маанай, жаркылдап сен күлүп кел,
    Бүгүн мага ак көйнөгүң кийип кел.

     

    Сени күтүү — зор бакыттын дал өзү,
    Сени күтүү — ак сүйүүнүн өзөгү.
    Ал ансайын сендик сезим артылып,
    Сага болгон махабатым күчөдү.

     

    Жолугууга ак көйнөгүң кийип кел,
    Жоодур карап бул жашоону сүйүп кел.
    Кабагыңдан капалыгың сездирбей,
    Жарык маанай, жаркылдап сен күлүп кел,
    Мага жаккан ак көйнөгүң кийип кел.

     

    Батыраак кел күзгү жаанга карабай,
    Басалы бул эски бакты аралай.
    Сапырылган жалбырактар шуудурап,
    Кыялымды алып учат сабалай.

     

    Жолугууга ак көйнөгүң кийип кел,
    Жоодур карап бул жашоону сүйүп кел.
    Кабагыңдан капалыгың сездирбей,
    Жарык маанай, жаркылдап сен күлүп кел.

     

    Мага жаккан ак көйнөгүң кийип кел,
    Жоодур карап бул жашоону сүйүп кел.
    Кабагыңдан капалыгың сездирбей,
    Жарык маанай, жаркылдап сен күлүп кел.
    Бүгүн мага ак көйнөгүң кийип кел,
    Мага жаккан ак көйнөгүң кийип кел.

     

     

     

    Поделиться в соц. сетях




    Другие песни этого автора:




    Похожие песни:


    Добавить комментарий

    Ваш адрес email не будет опубликован.