Кун болуп омурумо тийип турган
Шам болуп турмушума куйуп турган
Атакем асманымсыз каректеги
Кудайдан кийинки эле бийик турган
Кайырма:
Ата сиз умутумсуз жалындаган
Кучтуусуз кыйындыка багынбаган
Ак тандай ар кунумду жаркыраткан
Ата сиз байлыгымсыз табылбаган
Жетелеп гул зар дуйно арасына
Кыйналсам калкалаган канатына
Жаныма орун таппай турган кезде
Атамдын созу кана даба тура
Атаке журогуно дениз чоккон
Атаке дарагымсыз жемиш токкон
Айланып карегимде кун сыяктуу
Ааламда сиздей жан жок мээрим токкон
Тоолордун бийигине тенсин ата
Толкуну шарпылдаган колсун ата
Ыйыгым кокурокто сактап жургон
Ырымда ырысымда сенсин ата