Айнур Бердикулова & Айзада Касаболотова — Арстанбектин санаты — текст песни
Бир туугандан кем эмес бирге жургон айылдаш
Тируулуктон агайын бирге бирин кадырлаш
Отуп кетсе омурун экинчи кайра табылбас
Жеринде кулук болбосо чон байгеге чагылбас
Жоо чаппаса жоголбос жоосунсуз адам онолбос
Кадырлаш болуп журбосон адамдын адам сагынбас
Оору сыркоо болбосо жакындан адам карыбас
Саана тартып куйбосо сайсайлап ишин арыбас
Жамандыка туш болбой адамга адам зарыбас
Кунуго алтын тапсада акысыз жигит байыбас
Кайратын тоону буссада кашыгын колду сузсада
Озундан чыккан созуно согуланып учса да
Эл менен сен адамсын элден чыксан жамансын
Кабар кунго кетсе да жылдызга колун жетсе да
Жараткандын дуйносу бут колуна отсо да
Эл менен сен бийиксин элден чыксан кийиксин
Обозугул таш урат озулдаган жерде жок
Чайпалбаган колдо жок чалыкпаган пенде жок
Боксорбогон сууда жок болунбогон элде жок
Тугонбогон пенде жок туйшолбогон пенде жок