Айпери Кулбаева & Жениш Шакиров — Апакем



Скачать
Слушать


Автор
  • Айпери Кулбаева
  • Жениш Шакиров
  • Жанр
    Битрейт 261 кбит/с
    Размер 6,919 МБ
    Кол-во скачиваний 273


     

     

    Айпери Кулбаева & Жениш Шакиров — Апакем — текст песни

     

     

     

    Эстедим жаш чагымды,
    Тил албай айтканыңды.
    Азабым далай тартып,
    Ак басты чачтарыңды.
    Кеттим мен билим самап,
    Күттүң го жолум карап,
    Кең жайып тасмалыңды.

     

    Күйүттү эч билбеген,
    Күн каалайм кеч кирбеген.
    Арка-бел атабыздын,
    Жоктугун сездирбеген.
    Ажалдан күч келсе да,
    Ааламды бүт берсе да,
    Алмашпайм эч ким менен.

     

    Байтерек карааныңыз,
    Бакыт, кут жамалыңыз.
    Кудайдан өмүр тилеп,
    Кыйшайсам таядыңыз.
    Жараткан аян кылган,
    Пайгамбар баян кылган,
    Бейиш жай таманыңыз.

     

    Корго деп эл-жериңди,
    Тарбия бергениңди.
    Апаке, кантип актайм,
    Ак сүтүң эмгенимди?
    Соолбосо асыл денем,
    Жер сайып башым менен,
    Кайтарам эмгегиңди.

     

     

     

    Поделиться в соц. сетях




    Другие песни этого автора:




    Похожие песни:


    Добавить комментарий

    Ваш адрес email не будет опубликован.