Айрым ишканалар жанданып, блокпосттор кыскартылат

 

Айрым ишканалар жанданып, блокпосттор кыскартылат

 

 

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңештин жыйынында өзгөчө абалдын шартында кайсы тармактар иштеп, кайсы иш-чараларга тыюу салынарын айтты. «Маданий-массалык иш-чараларды, той-аштарды өткөрүүгө тыюу салуу күчүндө калат. Жогорку окуу жайлар, мектептер аралыктан окутууну улантышат. Өзгөчө абал киргизилген аймактарда кирип-чыгууга тыюу салынып, санитардык-карантиндик блокпосттор өзүнүн ишин улантат», — деди Жээнбеков.

 

Президент ишин баштай турган ишканалардын жетекчилерине өзгөчө жоопкерчилик тагыларын айтты. «Ишин кайрадан баштай турган экономиканын объектилеринде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту сактоо абдан маанилүү. Бул багытта жергиликтүү бийлик, Саламаттык сактоо министрлиги, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекция менен өз ара тыгыз иш алып барышы зарыл. Ишканалардын жетекчилерине өзгөчө жоопкерчилик тагылат», — деди Жээнбеков.

 

Булар менен биргеликте экономикалык чөйрөнүн иши кайра жанданганына байланыштуу блокпосттордун саны кыскартыла турганы кошумчаланды.
Жыйында биринчи вице-премьер, Республикалык ыкчам штабдын жетекчисинин орун басары Кубатбек Боронов өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал шарттарында ишкерлик субъектилеринин ишмердүүлүгүн этап-этабы менен жандандыруу жөнүндө сунуш киргизди.

 

Анда өзгөчө абалдын шартында экономикалык субъектилердин ишин жандандыруу планында объектилердин конкреттүү тизмеси, алардын кызматкерлеринин саны, иш убактысы жана кызматкерлерди жумуш орундарына жеткирүү ыкмасы так, даана көрсөтүлүшү керек.

 

 

Поделиться в соц. сетях

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.