Айжамал Кабылова & Мерген Турган — Айта бар арманым



Скачать
Слушать


Автор
  • Айжамал Кабылова
  • Мерген Турган
  • Жанр
    Битрейт 244 кбит/с
    Размер 7,347 МБ
    Кол-во скачиваний 1333


     

     

    Айжамал Кабылова & Мерген Турган — Айта бар арманым  — текст песни

     

     

    Алыстан сапар тартып,
    Айдың көч кербен келет.
    Тааныштай ээрчип аны,
    Көк менен булут сүзөт.
    Шыңгыры коңгуроонун,
    Угулат кулагыма.
    Алаксыйт көңүл кушум,
    Ашыктык ырларына.

     

    Кайырма:
    Сырдашым аппак булут,
    Ырдасам ыйлап барат.
    Гүлгө окшоп турсам соолуп,
    Аяйт го, атаганат.
    Дайрадай акканымды,
    Шамалдай шашканымды.
    Ак булут, ак куу болуп,
    Айта бар арманымды.

     

    Жымыңдап жылдыз көктө,
    Жылгада жатсаң көрөт.
    Апаппак булут менен,
    Кошулуп кетким келет.
    Кыйырсыз чексиз аалам,
    Бар болуп калганын көр.
    Ырчыга ошол дүйнө,
    Тар болуп калганын көр.

     

    Кайырма:

    Кабарлап койсоң кана,
    Үнүңдү угар болсом.
    Үмүткө жетелене,
    Сагынып күткөн болсоң.
    Ак булут айтып барар,
    Ак сүйүүм, махабатты.
    Кербендер айтып барар,
    Кусалуу жүрөк дартын.

     

     

     

    Поделиться в соц. сетях




    Другие песни этого автора:




    Похожие песни:


    Добавить комментарий

    Ваш адрес email не будет опубликован.