Айжан Акимова — Атама апама окшош айылымсын
Айылымдын аязында аптабында
А́л тургай топуракчан баткагында
Мээримдуу бир башкача жылуулук бар ой
Мен балким байкабаган жаш чагымда
Мен балким тушунбогон жаш чагымда
Атама Апама окшош айылымсын
Ааламда бул дуйнодо дайынымсын
Алыстап тагдыр мени алып журсон ой
Акыры бир кайрылар байырымсын
Адаммын айылымдын жартчысымын
Ата энемден арткан омур тамчысымын
Арзыбасам жок дегенде босогоно ай
Атакем илип кеткен камчысымын